Сапырылган чаңдуу жолдон тажаган Ак-Моюн айылы
Новость

POST1RIGHT

"Элдик репортер" рубрикасына Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын тургундары төмөндөгү маселе менен кайрылышкан. 

Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөлгөн. Бирок көчөнүн башындагы 500 метрдей жерге асфальт төшөлбөй калган.  Бул жол менен унаалар көп каттайт. Мына минтип видеодо көрүп тургандай, унаалар өткөндө, айыл ичи чаңга сапырылып эле калабыз. Чаң жутуп жашаган балдарыбыз жөтөл оорусу менен ооруп жатат.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.