Көк-Жарда бир жумадан бери таштандылар тазалана элек
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунун Куйручук көчөсүндө таштанды төгүүчү урналар 1 жумадан бери тазаланбай турат.

Таштандылар урналарга батпай, ар кайсы жерде чачылып жатат. Тазалык ишканасынын кызматкерлери убагында алып кетишпейт,- деген шаар тургуну видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.