POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Асанбай кичи районундагы Куттубаев менен Айтиев көчөлөрү кесилишкен жолдо люктун капкагы жок ачык турганы айдоочулар үчүн ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу "Элдик репортер" шаар тургуну видео тартып жөнөткөн. Бул ачык турган люкка тыңыраак да белги коюлбаптыр, жөн гана жыгач менен сайып коюшкан. Айдоочулардын коопсуздугу үчүн мэрия ушундай маселелерге дагы көңүл буруп, карап койсо жакшы болмок,- дейт автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.