Айыл ичин чаңдатып кум-шагыл ташыгандар
Новость

POST1RIGHT

Кара-Буура районундагы Үч-Булак айылынын жогору жагында кум-шагыл алуучу карьер бар. Карьерден оор жүк ташыган унаалар кум-шагыл ташып, ушул Үч-Булак айылынын жолу менен өтүшөт. Видеодон көрүп тургандай, булар кум-шагыл ташып өткөндө, айыл ичи чаңга сапырылат. Жергиликтүү тургундарга бир топ эле ыңгайсыздык жаратат. Жолдорубуз да оюлуп бүттү, булардын кесепетинен. Жогору жактагылар ушуларга бир чара көрүп койсо,- дейт билдирүүсүндө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.