Эски мектеп, тар бөлмөдөн билим алган окуучулар
Новость

POST1RIGHT

Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Лавдан-Кара айылындагы Закиржан Бакиров атындагы №78 орто мектеби өтө эле тар. Автордун айтымында, 

Бул айыл өзү чоң айыл болуп саналат, бирок мектеби кичине. Окуучулар батпайт, жылдан-жылга окуучулардын саны өсүп жатат. Мен да ушул мектепти аяктап кеткем. Андан бери канча жыл өттү. Мектебибиз ошол бойдон. 1-класста 40 окуучу 12 столдо отурушат экен. Шартты начар. Өкмөт башчыбыздан суранат элек, биздин айылга жаңы чоң мектеп салып беришин, - деген айыл тургуну "Элдик репортерго" кайрылган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.