Жаңы конуштун тургундары маршруттук каттамга муктаж
Новость

POST1RIGHT

ТЭЦтин күн батыш тарабында жайгашкан конушта маршруттук каттам каттабайт. Бул конуштун толук аталышы жок. Ак-Ордо-3, Достук конушу деп айтып келишет. Күн-Туунун жолу менен киребиз. Бул жерде 9 жылдан бери жашайбыз. Мурун №262 машруттук каттам каттачу, ал токтоп калгандан кийин №196 маршруттук каттам жүрүп баштаган. Ал жарым жыл жүрүп токтоп калган. Андан бери 1 болуп калды каттаган маршрутка жок. №201 деген маршруттук каттам ачылып ишке киргени жаткан, аларды №161чи маршруттук каттамынын айдоочулары каттатпай жатышат. Же өздөрү кирбейт көчөгө, анан башка каттамдарга тоскоол болушууда. Жолунар жаман дейт, жолубузга бул жердин тургундары шагыл төгүп, өздөрү оңдоп алышкан. Маршруттук каттам жок болгондуктан шаарга барууда кыйынчылык жаралууда. Окуу жылы башталды, балдарыбыз мектепке жетпей жатышат, 4 км басабыз жолго чыгыш үчүн, -деп кайрылган "Элдик репортерго" автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.