POST1RIGHT
Лейлек районунун Чимген айылынындагы Ташболот Жапаров атындагы орто мектебинин жанында сай жайгашкан, ошол сайда көпүрө жок. Балдар тепкич менен ылдый түшүп, кайра дөңдөн өйдө кыйналып чыгып келишет. Бир жагында тепкич бар, бир жагында жок. Исфана шаарынын мэри көпүрө курдуруп берем деп сөз берген, бирок сөзүнө турган жок. Кичине көпүрө куруп берип койсо, балдар кыйналбай мектепке барат эле. Балдарыбыздын коопуздугуна кабатыр болобуз,- деген айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.