POST1RIGHT
Түп районунун Михайлов айылынын тургуну жолдун сапатсыз салынганына нааразы болуп, "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.
Бул жолго бир жума мурун асфальт төшөлгөн. Бирок жолдун сапатсыз жасалганы көрүнүп турат. Шагыл асфальттын үстүнө чыгып, унаалар өткөндө таштар ыргып жатат. Жол кызматкерлери жыйынтыксыз иш кылып коюшту. Эми бул абалга көз салып, жооптуулар кемчиликтерин жоюп койсо, - деген айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.