Кооптуу жолдо тротуар, жол белги, жол чырагы орнотулган эмес
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Киркомстром тараптагы Белгород көчөсүнө асфальт төшөлгөн. Эми бул жолдон унаалар тынымсыз жүрөт. Жолго тротуар, жол чырагы, жол белгилери орнотулган эмес. Бул жерде №42 мектеп бар, балдарбыз мектепке ушул жол менен барышат. Балдарыбыздын коопуздугуна сарсаана болобуз. Айдоочулар катуу ылдамдыкта айдап өтүшөт. Кырсыктар да катталган. Азыр эле ушундай, кышында эмне болот?-деп суроо салган шаар тургуну.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.