Кеңеш айылында курулуучу мектептин долбоору даярдалууда
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Нарындын Кеңеш айылында курулуучу жаңы мектептин долбоору мамлекеттик экспертизадан өтүүдө. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Мекеменин маалыматында, долбоорду иштеп чыгуу 2018-жылы башталган. Ага ылайык, мектеп 150 орундуу болот. Мамлекеттик экспертиза аяктагандан кийин курулуштун сметасы аныкталат. 

Эске салсак, Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта чоң талкууну жараткан.