Аялдаманын алдын ээлеген №214 маршруттук каттамы
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарынын Аламүдүн базарынын жанындагы аялдаманын алдын №214 маршруттук каттам токтотуучу жайга айландырып алган. Мындан улам аялдамага автобустар, троллейбустар кире албай убара тартышууда.

Буларды көзөмөлдөгөн жол коопуздук кызматкерлери жок. Жол тыгыны дал ушулардын кесепетинен болуп жатат. Тизилип туруп алышат. Эмне үчүн мэрия ушуларга көңүл бурбайт? - деп ачууланган шаар тургуну.

Эске салсак, мындай маалымат "Элдик репортерго" шаар тургундарынан бир канча жолу келген. Бирок ушул убакытка чейин чечилбей келгени өкүндүрөт.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.