Биринчи жарым жылдыкта картошканын баасы жогорулады
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Биринчи жарым жылдыкта картошканын баасы жарым эсеге жогорулады. Улуттук статистика комитети билдиргендей, жогорулоо Нарын менен Баткен облусуна тиешелүү эмес. 

Мекеменин маалыматында, өлкөдө жашылчанын баасы июнь айында 2018-жылдын декабрындагы деңгээлде сакталды. Муну менен баалар биринчи кварталда 15,3 пайызга жогоруласа, экинчи кварталда 13,3 пайызга төмөндөдү. 

Жалпысынан биринчи жарым жылдыкта картошканын баасы 57,2 пайызга өстү. Картошканын наркы Ысык-Көлдө дээрдик 95 пайызга жогорулады.