POST1RIGHT
Аламүдүн районуна караштуу Ала-Тоо айылынын тургундары ылай суу колдонууга аргасыз болууда. Тасмадан көрүнүп тургандай, ичүүгө мүмкүн болбогон ылай сууну тундуруп, андан кийин кайнатып отуруп колдонушат.
Мындай сууну ичип ар кандай оорулар пайда болуп жатат? Санэпидемстанция карабайт. Канча жылдан бери бул көйгөй чечилбей келет. Жамгыр жааганда эле ушундай ылай аралаш суу чыга баштайт. Ким бул маселени чечип берет?- деп кайрылган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.