POST1RIGHT
Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жол сапатсыз салынууда. Эски асфальтты албастан, үстүнөн эле топурак аралаш шагыл менен смоланы аралыштырып төшөп жатышат. Бул кармабайт да. Былтыр бир канча көчөлөрдү дал ушундай кылып төшөп кетишкен, смоласы адам басканда бутка жармашып, унаалардын дөңгөлөгүнө жабышып айлабызды кетирген. Эми кайрадан эле ошол ишти кайталап жатышат. Жергиликтүү бийликтегилер иштебейт. Ким көзөмөлдөйт бул ишти?
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.