Военно-Антоновка айылынын тургундары маршруттук каттамга муктаж
Новость

POST1RIGHT

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 1 жылдан бери маршрутка каттабай жергиликтүү тургундар түйшүк тартышууда. №238 маршруттук каттамы каттачу, 1 жыл болуп калды каттабай калганына. Азыр жашоочулар бир канча км жолду басып өтүп, жолго чыгышат, мектеп окуучуларына кыйын эле болуп жатат. Анысы аз келгенсип, жарык маселеси да курч. Бат-баттан өчүрүп турушат. Мэрия көзөмөлгө алып, №238 маршрутка каттамын кайра жүрдүрүп берсе жакшы болмок. Жарык маселеси да чечилсе,-деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.