Урналары жок таштанды төгүүчү жай
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарынын Бакай-Ата конушундагы Анар көчөсүндөгү таштанды төгүүчү жайда урналар жок. Мэрия таштанды төгүүчү жайды эмне үчүн орноткон, урналары жок эле билбейбиз. Эми бул жерге мештен чыккан күлдөрдү, таштандыларды таштап кетишет, аны болсо Тазалык ишканасы алып кетпейт. Себеби алар бир жумада бир жолу келип, унаалары менен көчөлөрдү кыдырып таштандыларды чогултуп кетишет. Бизге бул таштанды төгүүчү жайдын кереги деле жок болчу. Өзүбүз таштанды төгүүчү жайды тазалайбыз. Айла жоктон тор менен тороп койгонбуз, ага карабай таштандыларды таштап жатышат. Тазалык ишканасы мештен чыккан күлдү, бизге алып кетпейбиз деп жатышат. Бул нерсеге кандай түшүнсө болот?- деп суроо салган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.