Ананьев: туура эмес курулган скважина
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунун Ананьев айылында 2,5 млн сомго салынган суу менен камсыздоочу скважина тургузулган. Бирок  айыл тургундары бул туура эмес жерге жана туура эмес курулган деп нааразы болуушуда. Себеби бул жаңы эле орноткон күнү челек чарылып калган. Ичиндеги көрүнүш өтө эле начар. Буттун таш менен эле жөлөп коюшкан. Кокус кулап кетип бирөөнү басып калса ким жооп берет? Бул скважина жарылгандын кийин жергиликтүү тургундар өзүлөру каражат чогултуп, 45 миң тургузганбыз. Эч кандай документтери жок. Азыркы бул жерди сатып алган кожоюну башка жерге көчүргүлө деп жатат. Эмибиз суусуз калабызбы? Каякка көчүрөбүз? Жергиликтүү бийлик ушул маселебизди чечип беришин суранабыз,- деп "Элдик репортерго" кайрылган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.