Тазалыкты сактайлы! 21-сентябрда өлкөдө ишембилик өтөт
Новость KTRK/videograp

Кыргызстан “Жасайлы!” глобалдык экологиялык акциясына кошулду. Анын алкагында 21-сентябрда Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата миңдеген ыктыярчылардын катышуусу менен өлкөдө ишембилик өтөт. Бул өнөктүккө бир эле учурда дүйнөнүн 150 өлкөсүндө да өткөрүлөт. 

Ыктыярчылар коомдук жайлардагы, сейил бактардагы таштандыларды жыйноого чыгат. Ошол эле учурда Ысык-Көлдүн жээгиндеги жана көлдүн түбүндөгү желим баштык, желим бөтөлкө сыяктуу таштанды тазаланат. 

Иш-чараны уюштуруп жаткан коомдук уюмдардын өкүлдөрү билдиргендей, бул өнөктүккө өз аймагынын тазалыгын камсыз кылууну каалаган жарандар кошулса болот. Дүйнөлүк тазалык күнүнүн негизги максаты - коомчулукту өлкөдөгү, дүйнөдөгү экологиялык абалга көңүл бурууга чакыруу.