Союз учурунан калган мектеп парталары алмашууга муктаж
Новость

POST1RIGHT

Чүй районунун Чүй айылындагы Султан Ибраимов атындагы №2 орто мектептин мугалимдеринин окуу жайдын имаратын капиталык жактан оңдоо өтүнүчтөрү аткарылбай келет. Парта, стол, доска, эмерек айтор мектепке керектүү нерселердин эскилиги жетип калган.

Мектеп парталары советтер союз учурунан калган. Сынып керектен чыгып калган, бирок айла жоктон жылда оңдоп, сырдап турабыз, өз каражатыбызга, ата-энелерден жардам сурайбыз. Класстарды оңдоо түзөө иштерин да өз каражатыбызга жасайбыз. Бийликтегилер качан көңүл бурат?- деп ачууланган автор "Элдик репортерго" видео жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.