Өзгөрүш: жамгыр жааганда көлчүккө айланган жол
Новость

POST1RIGHT

Токтогул районун Өзгөрүш айылындагы Ак-Жолго бара жаткан жолдо, каналдын жээги болуп калат, жамгыр жааганда ушундай көйгөй жаралат. Айыл өкмөттөн ушул каналдын жээгине 60 миң сом каралган. 60 миңдин 30 миң сомуна топурак аралаш шагыл төгүлгөн. Калган 30 миң сомду ДЭУнун грейдерин алып келип деле түрттүртүп койсо болот да. Жөө адам баса албайт бул жолдон, балдарыбыз да ушул жол менен барат мектепке. Унаалар тыгылып чыга албай жатат. Айыл өкмөт иштебейт,- деп ачууланган айыл тургуну "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.