POST1RIGHT
Бишкек шаарынын тургуну Шота Руставели көчөсүндөгү жолдун начарлыгына нааразы болуп "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Анын айтымында, Ажыбек Баатыр көчөсүндө көптөгөн элитный үйлөр салынып жатат, ошол жакка кирип чыккан оор жүк ташыган унаалар жолдорду талкалап бүттү. Быйыл бул жолдун оюлган жерлери да жамалган жок. Мэрия ушул тарапка көңүл буруп койсо жакшы болмок,- деп кайрылат билдирүүсүндө.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.