Тогуз-Торо–Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды
Новость

POST1RIGHT

10-сентябрда Тогуз-Торо–Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Тогуз-Торо районунда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар күрткүлөрү пайда болду. 

Адамдардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө максатында Тогуз-Торо районунун акиминин 10-сентябрындагы оозеки буйругунун негизинде Тогуз-Торо–Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды.