Жалгыз-Өрүктүн негизги унаа жолунда асфальттоо иштери жүрүп жатат
Новость

POST1RIGHT

"Элдик репортер" рубрикасына Жалгыз-Өрүк айылынын тургундары жакшы жаңылыгы менен бөлүшүп өттүштү.

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылы аймагына караштуу Жалгыз-Өрүк айылынын кире беришиндеги негизги жолунун асфальттоо иштери жүрүүдө. Жолдун узундугу 1 км туурасы 6 метр асфальттын калыңдыгы 6 см болот. Жолду асфальттоого Кыргыз Республикасынын капиталдык салымдар беренесинен 5 млн сом бөлүнүп берилген. Ал эми жолду асфальттоо ишин Жети-Өгүз районундук №35 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери 15 жакын техникалардын жардамы менен иш жүргүзүдө. Аталган айыл 1930-жылдары түптөлө баштаган. Учурда айылда 237 кожолукта 1500 го жакын эл жашайт. Бул айыл Балыкчы-Каракол мамлекеттик авто жолунан 1 км алыстыкта жайгашкан. Мамлекет тарабынан жасалып жаткан жолго, элет эли ыраазы экенин белгилеп кетишти. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.