POST1RIGHT
9-сентябрдын түнү Токтогул районунун Үч-Терек айылынын жайлоосунда кардын калың жааганынын кесепетинен жайыт пайдалануучулардын мал жандыктары сууктан өлдү. Кар күтүүсүз жаап, жергиликтүү тургундарды түйшүккө салды.
Айыл тургундары чоң чыгымга учурады. Азыркы мезгилде Ашуу жабык болгондуктан, жайыт пайдалануучулар кой-уйларын түшүрө албай, тоо башында турат. Буга чейин малчылар менен байланышканда болжол менен 100 баш кой өлдү, дагы карап жатабыз деп айтышкан. Азыр малчылар менен байланыша албай жатабыз, дагы өлгөн малдардын так санын уга элекбиз,- деген автор "Элдик репотерго" видеосу менен бөлүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.