Жайыл районунда 17 жаштагы бала айдап бара жаткан унаа кырсыкка кабылып, 2 адамдын өмүрү кыйылды.
POST1RIGHT Кырсык Полтавка–Орто-Суу жолунда болгон. 11-классынын 2 окуучусу жана Ново-Николаевка айылындагы мектептин 1-классынын окуучусу бара жаткан «Ниссан» үлгүсүндөгү машина даракка урунган. Натыйжада 16 жаштагы айдоочу жана 7 жаштагы тууганы алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумушкан.
16 жаштагы дагы бир бала ар кандай жаракаттарды алып аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Окуянын чоо-жайы такталууда.