POST1RIGHT
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы М.Миталипов көчөсүндө электр чубалгылары кооптуу болуп турат. Электр кызматкерлери 20-августа келип электр түркүгүн орнотуп кетишкен. Бирок бул кооптуу болуп турат. Себеби электр чубалгылары үзүлөйүн деп турат. Чубалгылар элдердин короосунун ичине чейин кирип кеткен. Шамал болсо эле бул чубалгылар үзүлөт. Кокус өрт чыгып, кырсык болуп кетсе эмне болот?- деп суроо салган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.