Каракол: жасалган жолдун сапатына көңүл бөлүнгөн эмес
Новость

POST1RIGHT

Каракол шаарында жаңы эле жол оңдоо иштери бүткөн. Бирок асфальт сапатсыз төшөлгөнүнө нааразы болгон автору "Элдик репортерго" видеого тартып жөнөткөн. 

Каракол шаарынын жаңы жасалган жолунун кейпи ушул. Андан көрө жасабай эле коюшса болмок. Унаалардын дөңгөлөктөрү жарылып жатат. Төккөн шагылы асфальттын үстүнө чыгып, жолдор оюла баштады. Жолду көзөмөлдөгөндөр, көз кырын салып койсо бул жолго. Канчалаган каражат кетти. Текшерген адам барбы бул жолду? Кантип өткөрүп алды? - деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.