Ала-Тоо 3 конушунун жолу качан асфальтталат?
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо 3 конушунун жолу конуш тургундарын түйшөлтүп келет. Жолдун абалы абдан начар. Бул жолдон №254, №173-чү маршруттук каттамдар каттайт. Унаа менен араң жүрөсүң, улам чуңкурдан-чуңурга өтүп. Окуучулардын буттары баткак, ылай болуп мектепке барып келишет. Бийлик өкүлдөрүнөн суранат элек, жолубузга бюджеттен акча бөлүнүп, жолго асфальт төшөп беришин,- деген автор "Элдик репортерго" видео жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.