POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун Бадакшан көчөсүндө мындан 2 ай мурун суу ага турган арык орнотобуз деп жолдорду бузуп казып кетишкен. Ошол казып кеткен боюнча дайындары жок. Жок дегенде ар бир үйдүн көпүрөлөрүн жөн койгондо, дагы чыдаар белек, короого кире турган көпүрөлөрүбүздү да антарып салышкан. Каякка,кимге кайрылышыбызды билбей калдык. Казган арыгына камыш өсүп, 1 метрден ашып кетти, адамдар аттап өтөт экенбиз, унаалар короого кире албай, тиричилик кыла албай абдан бушайманбыз. Бадакшан көчөсүнүндө 30 түтүн жашайт, - деген конуш тургуну "Элдик репортерго" кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.