POST1RIGHT
Талас шаарындагы "Себат" билим берүү комплексинин жанында таштандылар чачылып жатат. Таштанды таштабагыла деп жазылып турганына карабай, жергиликтүү тургундар таштандыны таштап кетишет. Талас шаарынын мэри ушул жерге көз салып, таштандылар таштабагандай кылып бир чара көрсө жакшы болмок,- деген билдирүүсүн автор "Элдик репортерго" жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.