Майлуу-Суунун таза суу маселеси чечилбей келет
Новость

POST1RIGHT

Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү тургундар таза сууга жетпей, ылай аралашкан суу ичүүгө аргасыз. Анын кесепетинен оору-сыркоо да көп болууда. Эске салсак, буга чейин да Майлуу-Суу шаарынын тургундарынан "Элдик репортёрго" таза суу маселеси чечилбей келет деген билдирүүлөр көп келген. Бул видеону көрүп, шаардык мэрия тарабынан эч кандай маани берилбегени далил.

Майлуу-Суу шаарында суу ушундай ылай аралаш келет. Балдарыбыз ооруп жатат. Ушул сууга да акча төлөйбүз. Качан бизде таза суу маселеси чечилет?- деп суроо салган автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.