Чирип калган электр түркүгү кулаганы турат
Новость

POST1RIGHT

Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылындагы Муса Чекиров көчөсүндө электр түркүгү кооптуу абалда турат. Бул тууралуу автор "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөткөн. Анын айтымында, Бул электр түркүгү кооптуу абалда турганына көп болду. Жыгачтары чирип, кулайын деп турат. Электр кызматкерлери карап деле коюшпайт. Кокус бул кулап, кырсык болуп кетсе ким жооп берет? Муса Чекиров көчөсү №107 үйдүн жанында жайгашкан. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.