Тамак-аш саткан жайда санитардык эрежелер сакталган эмес
Новость

POST1RIGHT

Каракол шаарындагы Бугу базарында жайгашкан тамак-аш саткан жайда санитардык эрежелер сакталбай келет. Бул тууралуу шаар тургуну "Элдик репортерго" видео жөнөткөн. Анын айтымында, Бул жерден салат алып кеткенбиз, эхинококкоз менен ооруган малдын боору менен жасалган экен. Бул жерден студенттер, окуучулар жана башка өтүп бара жаткан адамдар тамактанып кетишет. Санитардык нормалар акыркы убакта жакшы сакталбай келгени көпчүлүк элге маалым болсо керек. Бул видеону көрүп, тийешелүү мекемелер чара колдонуп мындай окуялар кайра кайталанбашына жол берилбей калат деген үмүттөбүз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.