POST1RIGHT
Каракол шаарындагы Шапак баатыр көчөсүндө асфальт төшөлүп, арыктар салынып жатат. Бирок суу кете турган арык туура эмес орнотулуп жатат. Арык келип эле орто жолдон кудукка такалып калды. Бул нерсени кандай түшүнсө болот? Эми арыктын суусу кудукка толуп жатат. Кышында эмне болот? Кудуктун ичиндеги суу тоңот. Бул ишти ким көзөмөлдөйт? - деп суроо салган автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.