Аламүдүн: мыйзамсыз жайыт жерин саткан ким?
Новость

POST1RIGHT

Аламүдүн районундагы Маевка айыл өкмөтүнө караштуу МТФ-2 айылынын жашоочуларынын жайыт жерин мыйзамсыз түрдө белгисиз бирөөлөр сатып жиберишкен. Азыр бул жер улак тартыш оюндары жүрө турган жер болуп калыптыр. Анысы аз келгенсип, жергиликтүү тургундарга берилүүчү жерлерди да сатып жатышат. Айыл өкмөткө кайрылсак, ар кандай шылтоолор менен, бул көйгөйдү чечип бере алган жок, - деген автор тез арада тийешелүү органдар бул маселени чечип беришин суранышууда.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.