POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жакын арада эле жолдорду асфальттоо иштери аяктаган. Бирок асфальтталган жол сапатсыз төшөлгөн деген бир канча билдирүүлөр "Элдик репортерго" түшкөн.
Бул турган жер шаардын кире бериши. Видеодо көрүп тургандай, асфальтталган жол мына минтип шагылдары өйдө чыгып, сапатсыз асфальт төшөлгөнү көрүнүп турат. Эми буга канча деген каражат кетти, эки жумуш кылбай дароо эле сапатуу кылып жазашса болмок да. Транспорт жана жол министри Каракол шаарына келип, бул жолду көрүп өзү жыйынтык чыгарса.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.