Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Балыкты айылында совет убагынан бери электр жарыгы жок тиричилигин өткөрүп келишкен. Бирок быйыл өкмөттөн атайын акча каражаты бөлүнүп, жарыктандыруу иштерине кам көрүлүүдө. Мындай жаңылыкты уккан айыл тургундарынын кубанычында чек жок. Атайын ыраазычылыгын билдирип кайрылуу жөнөтүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.