Разаков көчөсүндөгү 1900-жылы салынган кыйраган үйлөр
Новость kaktus.media

POST1RIGHT Бишкек шаарынын Разаков-Баетов көчөсүндө жайгашкан эски имараттар шаар көркүн бузууда.

"Элдик репортер" рубрикасына келген видеодо, шаар тургуну 1900 жылы салынган үйдүн жана жанында салынган баш аламан барак турүндөгү батирлердин кейиштүү антисанитардык абалына нааразы болуп Бишкек шаарынын мэрине кайрылуу жасады.

"Ушу үйлөр шаардын так ортосунда жайгашкан. Шаардын көркүн бүзүп, келген туристер сүрөткө тартып алышат" - дейт видеонун автору.


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.