POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Костанай көчөсүндө жолдун бир тарабында тротуар жок. Бул тургундар үчүн кооптуу болууда. Автордун айтымында, Жол куруучулар жол салып жатканда, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун ойлошкон эмес. Бул жолдун бир тарабында жармына чейин тротуар бар, жарымында жок, тротуар кайра жолдун берки беттинен башталат. Ошентип мектеп окуучулары жолдон ары бери өтүп атып мектепке жетишет. Унаалар катуу ылдамдыкта өтүшөт. Маршруттук каттам да жүрбөйт, жолго чейин 20 мүнөт басабыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.