POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы 5-7-кичирайондо "Оптима Банктын" имаратты салынды. Жолдун боюндагы 20 жыл мурун отургузулган каргайларды кыйып, анын ордуна унаа токтотуучу жай кылып алышты. Шаар тургундарынын каршы болгонуна карабастан, иштерин кылышты. Бир кездерде 7-кичирайондо гулбакча бар болчу, бул жерди чет элдик компания ижарага алып, унаа токтотуучу жай кылып алган. Эми бул жерге эч кимди киргизбейт, тосуп салган. Бишкек шаарынын мэриясы көңүл буруп койсо,- деген шаар тургуну "Элдик репортерго" видео жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.