POST1RIGHT
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында 2011-жылы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн турак үй салынган. Курулуш иштери бүткөнгө 1 жарым жылдай болуп калды, бирок тургундарга азыркы күнгө бериле элек. Кыйналып бүттүк, канча деген тургундар үйсүз калган ошол жер титирөөдөн. Өзүмдү эле айтып кетсем, балам экинчи группадагы майып, аны жетелеп алып, батирден-батир алмаштырып жүрөм. Эгер берилбесе элди үмүттөндүрбөй эле коюшса. Тийешелүү органдар ушул маселени чечип беришин суранабыз,- деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.