«Кумтөрго» орноштурам деп 100 миң алып качкан аял кармалды
Новость www

POST1RIGHT Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын  маалыматына  караганда, шектүү «Кумтөр» компаниясына айдоочулук кызматка  орноштуруу  убадасын берип, 100 миң сом алып качып кеткен.  

Окуяга шектүү делген  54 жаштагы   аял киши  кармалды. Буга чейин анын  соттолуп чыккандыгы аныкталган. Шектүү Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилди.