Кызыл-Суу: жол начар абалда, айыл өкмөт көңүл бурбайт
Новость

POST1RIGHT

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Пристан, Кирпичный айылдарына чейинки жол өтө начар. Кайрылбаган жерибиз калган жок. ДЭУнун өзүнө, айыл өкмөткө кайрылдык эч жыйынтык жок. Унаалардын тетиктери улам-улам бузулуп, айдоочулар убара тартып жатышат. Асфальт төшөлгөн да эмес. Аңыл-дөңүл, оюлган жол. Жамгыр жааганда көлчүккө айланат. Жогору жактагылар көңүл буруп, ушул жолубуздун маселесин чечип беришин суранабыз,- деген айыл тургуну билдирүү жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.