POST1RIGHT
Чоң-Кемин өрөөнүнүн Карал-Дөбө айылындагы Аалы Токомбаев көчөсүндө, көчөнүн башына шагыл төгүлүп келип эле, орто жолго келгенде токтоп калган. Эмне себептен көчөнүн аягына чейин чыгарышкан эмес? Жамгыр жааганда бул жол менен жөө жүргүнчүлөр гана эмес, унаалар өттө албай тыгылып калышат. Балдарыбызга кыйын эле жамгыр жааганда. Айыл өкмөткө кайрылганыбызда ар кандай шылтоолорду айтып кутулат,- деген айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.