POST1RIGHT
Аламүдүн районуна караштуу Өскөн-Ордо конушунун тургундары маршруттук каттам каттабай, түйшүк тартышууда. Автордун айтымында,
Өскөн-Ордо конушунан Ауэзов көчөсүнө чыккан жолдо маршруттук каттам жүрбөйт. Маршруттук каттам жок болгондуктан шаарга барууда кыйынчылык жаралууда. Тургундар кыйналып бүтүштү бир топ жол басабыз. Жогору жактагылардан суранат элек, бул жолду караштырып жок дегенде бир маршруттук каттам жүрдүрүп беришин, - деген автор "Элдик репортерго" видео жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.