POST1RIGHT
Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында уурулук күч алууда. Бул тууралуу "Элдик репортерго" аталган айылдын жашоочулары билдирди.
Военно-Антоновка айылында 2 жылдын аралыгында уурулардын саны көбөйүп кетти. Жабырлануучулардын үйүнө кирип, турмуш-тиричилик буюмдарын, алтын зер, акчаларын уурдап жатышат. Дарыканага да ууру терезе аркылуу кирип 100 миңдей акчаны көтөрүп чыгып кетишкен. Сокулук районунун милициясынын кызматкерлери кайрылып эле жатабыз, издеп жатабыз деп куттулушат, эч жыйынтык жок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.