POST1RIGHT
Жалал-Абад облусундагы Маданият – Жалал-Абад жолунда жол оңдоо иштери башталып, бирок аягына чыкпай калган. Мынтип турганына көп болду. Элдер кыйналып бүттү. Чаң сапырылып, алдында бара жаткан унаа көрүнбөйт. Оюлган, казылган бойдон калган. Жумушту башташтыбы, аягына чыгарыш керек эле да. Же булар жолго бөлүнгөн акчаны жээп коюшканбы? Өкмөт, жол транспорт министри ушул маселени карап чыкса, келип жолдун абалын көрүп кетишсе,- деген автор. Эске салсак, буга чейин "Элдик репортер" рубрикасына дал ушул жол боюнча билдирүүлөр көп келген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.