Токтогул шаарындагы жаңы салынган таштак футбол аянтчасы
Новость

POST1RIGHT

Токтогул шаарындагы "Таласбай" кичирайонуна мэрия футбол аянтчасын салып берген. 

Эми бул футбол аянтчасына таш аралаш кум төгүп туруп, футбол аянтча салып берип койгон. Балдар ойноп, жыгылып ташка тийип, жаракат алып жатат. Чаңда сапырылып ойноп жүрүшөт. Ушул аянтчага атайын каражат бөлүнгөн да, бөлүнгөн каражатты жээшпей эле, газон менен салып койсо болот эле да, - деп ачууланган автор "Элдик репортерго" видео жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.