Сузак: №35 орто мектебинин курулуш иштери качан бүтөт?
Новость

POST1RIGHT

Видеодо көрүп турган, Сузак районуна караштуу №35 Комсомол орто мектебинин жаңы имараты. 2015-жылы республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренеси боюнча башталган мектеп. 2019-жылы сентябрь айында ушул мектептин имаратына капиталдык салымдар беренесинен 14 млн. сом акча алынды. Ушул мектептин курулуш иштерин эртелетип бүтүрүп, үстүн жаап беришсе. Быйыл жаан-чачын көп болот деп жатышат. Эгер быйыл да үстү жабылбай калса, элдин акчасы текке кетет. Мамлекет башчысынан суранат элек, коррупциядан түшкөн каражаттан 10 млн. сом бөлүп беришин,- деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.