Курт аралаш ылай сууну тундуруп ичкен тургундар
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында таза суу маселеси курч. Бул тууралуу айыл тургуну "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. 

Суубуз ылай чыгат. Тундуруп ичкенге да мүмкүн болбой калды. Эки күндүн биринде эле фильтрди тазалайбыз, кайра эле ичине курт аралаш ылай толуп калат. Фильтр жоктор кантип жатышат билбейбиз. Жергиликтүү бийлик ушул маселебизди чечип беришсе. Айыл ичинде сарык оорусу менен ооругандардын саны көбөйүп кетти. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.